2021-жылдын 3-декабрында М. Рыскулбеков атындагы КЭУнун кичи жыйындар залында Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишимер, “Айкөл Манас баяны” фондунун төрагасы, коомдук ишмер Бактыбек Максүтовдун “Кыргыз Республикасынын Баатыры Турдакун Усубалиев” китебинин бет ачары болуп өттү.

Мамлекеттик жана расмий тилдер кафедрасы жана А. Орузбаев атындагы Илимий китепкана тарабынан уюштурулган иш-чараны КЭУнун ректору А. Т. Кадыралиев ачып, Т. Усубалиевдин эмгегинин баа жеткис экендигин белгилеп, Б. Максутовго бул китеби үчүн чоң ыраазычылык билдирди.

Китептин бет ачарына

Алымбеков Надырбек – Коомдук ишмер, Кыргыз Республикасыны эл акыны

Касмалиев Мырзабек – Кыргыз Руспубликасынын Легендарлуу парламентинин депутаты, Айыл чарба илимдеринин кандидаты

Раматов Курманбек – Турдакун Усубалиев 100 жылдыгын өткөрүү боюнча комитеттин мүчөсү, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер

Кожогулов Нурлан – КР айыл чарба министрлигинин айыл чарбасын механизациялаштыруу департаментинин директору, китепкана өкүлдөрү, профессордук-окутуучулук курам, студенттер катышышты.

Келген коноктор Т. Усубалиев өлкөнү жетектеген чейрек кылымдын ичинде Кыргызстанда экономика, маданият, адабият жана жашоонун бардык тармактарында көп өзгөрүү болгондугун студенттерге айтып беришти.

Китептин автору Б. Максүтов Кыргызстанды 25 жыл башкарган Т. Усубалиевтин өмүр баяны жөнүндө ошондой эле илим менен техниканын, маданият, адабият кызматкерлерине болгон камкордугу жөнүндө студенттерге кенен айтып берди.

Иш-чаранын максаты Т. Усубалиевтин өрнөктүү өмүрүн, өлкөнүн өнүгүүсүнө кошкон салымын, адамкерчилигин Б. Максүтовдүн “Кыргыз Республикасынын Баатыры Турдакун Усубалиев” китеби аркылуу студенттерге жеткирүү.

Иш-чара Б. Максүтов жазган алтымыштан ашык китеп көргөзмөсү менен коштолду.