КМШ өлкөлөрүнүн “Эң мыкты педагогу -2021”

КМШ өлкөлөрүнүн “Эң мыкты педагогу -2021”

 

2021-жылдын 29-декабрында өтүүчү Окумуштуулар Кеңеши сыйлык тапшыруу аземи менен өзгөчө маанайда башталды.

         Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештиги (КМШ) тарабынан жарыяланган илимий-билим берүү мекемелеринин арасында “Лучшие в образовании -2021” аттуу I Эл аралык конкурста КМШ боюнча III даражадагы диплом менен, ошондой эле, “Лучший педагог - 2021” Содружества Независимых Государств” төш белгиси менен Мамлекеттик, расмий жана чет тилдер кафедрасынын башчысы, педагогика илимдеринин кандидаты, профессордун милдетин аткаруучу Жапаралиева Назира Жакыповна илим жана билим берүүгө кошкон салымы үчүн сыйланды.

         М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин ректору Кадыралиев Алмаз Токтобекович: “КМШ өлкөлөрүнөн Кыргызстан, анын ичинен КЭУнун беделин көтөрүүдө, бул жеңиштин маанилүү экендигин белгиледи”.

М.Рыскулбеков атындагы КЭУнун ректораты Жапаралиева Назира Жакыповнага ийгилик каалоо менен ыраазычылык билдиришти!