Улуу жазуучу Ч.Т. Айтматовдун 90 жылдык мааракесине  жана эл аралык маалымат күнүнө арналган  «Айтматов маалымат технологиялар ааламында» деген темадагы видеороликтердин сынагын өткөрүү боюнча

ЖОБО

 

  1. Жалпы жоболор.

Айтматов маалымат технологиялар ааламында» деген темадагы видеороликтердин сынагын (мындан ары Сынак) Колдонмо математика жана маалымат технологиялар институту өткөрөт.

  1. Конкурстун максаты жана милдеттери:

Максаты: cтуденттердин маалыматтык маданиятын көтөрүү.

Милдеттери:

берилген тематиканы ачууда  өздүк көрө алуусун чагылдыра алышы;

- коюлган милдеттерди чечүүдө эстетикалык кооздукту, байкагычтыгын өнүктүрүү, кругозорун кеңейтүү менен чыгармачылык мамиледе ишке ашыруу;

- маалыматтык технологиялар алкагында студенттер алган билимин, билгичтигин, көндүмдөрүн колдонуу менен  өздүк көрө алуусун демонстрациялоо;

- чыгармачылык ишмердүүлүгүн позитивдүү багытка пропагандалоо.

  1. Сынакты өткөрүү мөөнөтү

Өтүнүчтөрдү жана сынактык иштерди кабыл алуу –  2018 –жылдын 15-октябрынан  12-ноябрга чейин (адистиктердин багыттары боюнча жооптуулар: кафедранын окутуучулары).

Мыкты видероликтерди тандоо, социалдык түйүндөргө жайылтуу 2018-жылдын 12-ноябрынан тартып 25 ноябрга чейин, ал эми  жалпы жыйынтыгы 2018-жылдын 26-ноябрынан 30 ноябрда чыгарылат.

  1. Сынактын катышуучулары

Сынактын катышуучусу М. Рыскулбеков атындагы КЭУнун студенти (студенттердин тайпасы), колледждин студенти (студенттердин тайпасы) болушу мүмкүн. Сынакка катышуу өз эркинче. Иш өздүк жана коллективдик болушу мүмкүн. Ар бир катышуучу (катышуучулардын тайпасы) сынакка бирден гана видеролик коюшу керек. 

 5. Сынактын номинациялары

            Төмөндөгүдөй номинациялар көрсөтүлөт:

- Гран при

- «IT ден баары башталат»

- «Мен сыймыктанган Инсан»

  1. Сынактын шарттары      

​- Сынакка тематикага жана сынактын номинацияларына байланыштуу ар кандай жеткиликтүү каражаттар аркылуу тартылган (түзүлгөн) видеороликтер көрсөтүлөт;

    • * сынакка катышуу боюнча өтүнүч каты берилген форма боюнча (Тиркеме 1) толтурулат жана учурдагы Жобонун II бөлүмүндө белгилегендей сынактык ишти өз мөөнөтүнөн кечиктирбей тапшыруу керек. Өтүнүч кат катышуучулардын сынактык ишин тизмеге киргизүү документи болуп эсептелет. Ѳтүнүч каты жок материалдар сынакка киргизилбейт;
    • * сынакка башка булактардан алынып жакындаштырылган видеороликтер жана слайд-шоу киргизилбейт (видео–хостинг, социалдык түйүндөрдөн ж.б.с.);
    • * сынактын тематикасына коошпогон, башка адамдардын сезимин жана кадыр-баркын кемсинткен роликтер кабыл алынбайт.

Видеороликке коюлган талаптар:

  • - сынактык видеороликтер санариптик алып жүрүүчү (USB, диск) аркылуу  же уюштуруу комитетинин электрондук почтасына өтүнүч  кат менен кошо (Тиркеме №1) жөнөтүлөт (suyuntbekkyzy93@mail.ru);
  • - видеороликтин форматы – mp4;
  • - видеороликтин максималдык узактыгы – 3 дөн  5 минутага чейин ;
  • - видеорликтерди тартууда жана монтаждоодо атайын программаларды жана инструменттерди колдонуу катышуучунун өз ыктыярына жараша;
  • - катышуучулар видеороликтин жанрын өздөрү аныкташат (интервью, репортаж, видеоклип ж.б.у.с.);
  • - видеороликтердин мазмуну Кыргыз Республикасынын мыйзам ченемдүүлүгүн жана моралдык нормаларын карама каршылыкка алып барбаш керек.

7.         Сынактын жалпы жыйынтыгын чыгаруу жана баалоо критерийлери.

Иштерди баалоо үчүн коомдук уюмдардан атайын чакырылган эксперттер, ЖОЖдун өкүлчүлүгү кирген түзүмдөн турган Калыстар тобу түзүлөт. Калыстар тобу  видеороликтердин мазмундук, техникалык эксперттик баасын берүү менен экспертиза жүргүзөт жана жеңичүүлөрдү аныктайт.

Видеороликтердин мазмундуу эксперттик баалоосу төмөнкү критерийлер боюнча ишке ашырылат:

  • - тема боюнча иштин байланыштуулугу;
  • - теманы ачууда тереңдиги, аргументтүүлүгү  жана  ачык туура  бере алышы;
  • - видеороликтин  оригиналдуулугу (жаңы идея);
  • - маалыматтуулугу.

Видеороликтердин техникалык эксперттик бааланышы төмөнкү критерийлер боюнча ишке ашырылат:

  • - видеосъемканын сапаттуулугу;
  • - атайын көрүнүктүу каражаттарды колдонууга ээ болуу деңгээли;
  • - иштин эстетикалуугу (жалпы эмоционалдык кабыл алуусу);
  • - иштин белгиленген талаптарга жооп берүүсү.

Ар бир номинациянын  жеңичүүсү катары  мыкты видеороликтин автору эсептелет.

Жеңичүү жана номинанттар дипломдор жана сыйлыктар менен сыйланышат. Сынактын уюштуруучулары атайын номинацияларды белгилөө жана жеңичүүнү аныктоо укугуна ээ жана  атайын сыйлыктарды белгилей алышат.

8.         Автордук укук

  • - Иштин автордук укугун сактоо жоопкерчилигине сынакка жиберилген иштин автору жана жооптуу окутуучулары жооп берет;
  • - автор сынакка өзүнүн ишин жиберүү менен сынактын уюштуруучуларына берилген материалдарды колдонууга (интернет түйүнүнө жайгаштырууга, телепрограммаларга, чыгармачылык долбоорлорго катышууга, ММСна жарыялоого, тираждоого ж.б.) автоматтык түрдө укук берилет.
  • - сынактын уюштуруучулары керек болгон учурда автордон видеороликтин оригиналын алса болот;
  • - сынактын катышуучулары  өзүнүн персоналдык маалыматын иштеп чыгууга макулдугун бериш керек (Сынактын катышуучулары берген фамилиясы, аты, атасынын аты, электрондук почтасынын дареги  жана башка персоналдык маалыматтары);
  • - сынакка жиберилген видеороликтерге сын пикирлер айтылбайт жана кайтарылбайт.

9.         Маалымат берүү  боюнча байланыш

Байланышуучу жак: «Колдонмо информатика» кафедрасы

Маалымат үчүн телефондор: 0312325120

E–mail: suyuntbekkyzy93@mail.ru

 

Тиркеме  1.

«Айтматов маалымат технологиялар ааламында» аттуу видеороликтердин сынагынын катышуучуларынын өтүнүч катынын үлгүсү

1

Фамилиясы, аты, атасынын аты

 

2

Багыты,  курс

 

3

Тайпа

 

4

Телефон

 

5

e–mail

 

6

Номинация

 

 

 

«Айтматов маалымат технологиялар ааламында» аттуу видеороликтердин сынагынын коллективинин өтүнүч катынын үлгүсү.

1

фамилиясы, аты, атасынын аты

 

2

Телефон

 

3

e–mail

 

4

Номинация

 

5

Катышуучулардын тайпасынын тизмеси

мисалы:

  1. Асанов Усон Асанович (багыты, курс, тайпа)
  2. ––––––––––
  3. ––––––––––

–––––––––––––––––

 

 

 

Жооптуу профессордук-окутуучулар курамы

Окутуучунун фамилиясы, аты

Багыты

1

Аманалиева М.О.

Бизнес информатика, 4 курс

2

Бизнес информатика, 3 курс

3

Темиров М.А.

Бизнес информатика, 2 курс

4

Абыкеев К.Ж.

Бизнес информатика, 2 курс (тездетилген)

5

Кулуева Ф.Ш.

Бизнес информатика, 1 курс

6

Касмалиев Т.К.

Дүйнөлүк экономика

 

Ногоева Г.Д.

Бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит

8

Мусаев Б.М.

Аматова Н.С.

Туризм

9

Кулуева Ф.Ш.

Кулушова А.Т.

Коммерция,

Финансы жана  кредит

10

Шекеев К.Р.

Банк иши

11

Аматова Н.С.

Менеджмент

12

Касмалиев Т.К.

Мамбеталиева Н.А.

Бизнести башкаруу

13

Тонуева Д.

Экономика жана сервис колледжи